Эмдөө жай жүргөн аймактар. Бишкек менен Сүлүктү эң артта

Бакашова профессордук-окутуучу курамдын, 18 жаштан жогорку окуучулардын арасында эмдөөнүн өзгөчө маанилүү экендигин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Жылдыз Бакашова коронавирус инфекциясына каршы күрөшүү боюнча ыкчам штабдын кеңешмесин өткөрүп, анда эмдөө жай өтүп жаткан аймактар аталды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Садыр Жапаров кыргызстандыктарга кайрадан кайрылды
Бакашова бир катар аймактарда калкты эмдөө темпи төмөн экенин айтты. Алсак, эң төмөнкү көрсөткүчтөр Бишкек шаарында (20%), Чүй облусунда (19%), Баткен (19%) жана Сүлүктү (20%) шаарларында белгиленген.
"Натыйжада Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине эмдөө кампаниясын күчтөндүрүү жана президенттин облустардагы өкүлдөрү менен Бишкек, Ош шаарларынын мэрлерине бул маселени жеке көзөмөлгө алуу тапшырылды. Ошондой эле калкты амбулатордук жана стационардык деңгээлдеги тийиштүү медициналык кызмат көрсөтүүлөр менен өз учурунда камсыздоо максатында коронавирус инфекциясы боюнча эпидемиологиялык абалды үзгүлтүксүз негизде мониторингдөө милдеттендирилди", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министрлигине дарыканаларда жана саламаттык сактоо мекемелеринде коронавирус инфекциясына каршы дары-дармектердин, медициналык шаймандардын, жеке коргонуу каражаттардын тийиштүү корун камсыздоо тапшырылган. Буга катар министрлик кадрлар жетишсиз болгон аймактарга ар кандай профилдеги медициналык кызматкерлерди жөнөтүп турмай болду.
Вакцина алган энелердин карынында жаткан балдардан антитело табылды
Бакашова профессордук-окутуучу курамдын, 18 жаштан жогорку окуучулардын арасында эмдөөнүн өзгөчө маанилүү экендигин белгиледи. Буга байланыштуу Билим берүү жана илим министрлигине жогорку окуу жайлардын, орто кесиптик окуу жайлардын, мектептердин жана мектепке чейинки билим берүү мекемелериндеги кызматкерлердин арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү тапшырылды.
Акыркы маалымат боюнча, өткөн суткада республикада 5 998 киши вакцина алса, 4 468 адам экинчи компонентин алды. Жалпы жонунан 645 340 кыргызстандык вакцинаны толук сайдырган.