Депутат: Улуттук банктын жетекчиси эшеги суудан өткөндөн кийин эсептешпей койду

Депутат мурдагы төрага ар бир комитетке, жалпы жыйынга өзү катышып жакшы түшүндүрмө берип келгенин белгиледи.
Sputnik
БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин депутаты Осмон Турдумамбетов Улуттук банктын жаңы жетекчиси Кубанычбек Бөкөнтаев парламентке келбей жатканына нааразы болду.
Ал мурдагы төрага Толкунбек Абдыгуловду ар бир комитетке, жалпы жыйынга өзү катышып, жакшы түшүндүрмө берип позициясын коргоп келгенин белгиледи.
"Улуттук банктын жаңы төрагасынын парламентке, мыйзамга болгон мамилеси башталып жатат. Шайланганына 10 күн өтпөй, кыргыздар айткандай, эшеги суудан өткөндөн кийин сиздер менен эсептешип да койгон жок", — деди Турдумамбетов.
Парламентте "Мамлекеттик менчикти менчиктештирүү жөнүндө" мыйзам долбоору каралды. Анын бир беренесинде Мамлекеттик мүлктү Улуттук банка сатуу камтылган.