БИШКЕК, 7-окт. — Sputnik. Кыргызгидромет дем алышка карата аба ырайынын божомолун жарыялады.
Ага ылайык, апта аягында өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жаан жаашы ыктымал. Анткен менен 15...17 градус жылуу болушу күтүлүүдө.
Чүй, Талас облустары
9-октябрда күндүз жана 10-октябрда түнкүсүн көпчүлүк аймактарда жаан, тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Ал эми 10-октябрда күндүз жаан кээ бир аймактарга гана жаашы ыктымал.
Ош, Жалал-Абад, Баткен облустары
9-10-октябрда Ош менен Баткен облусунун кээ бир райондорунда жаан, тоолуу райондорунда кар жаашы күтүлөт. Ал эми Жалал-Абадда 10-октябрда жаан жаабай турганы айтылды.
Ысык-Көл, Нарын облустары
Апта аягында Ысык-Көл менен Нарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши мүмкүн.