Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында коло байге алды. Үчүнчү орун үчүн таймашта ал украиналык Aнастасия Шустованы 10 упай айырмасында таза техникалык артыкчылык менен жеңип алды.
Муну менен Айпери Кыргызстандын капчыгына экинчи коло байгени, жалпы төртүнчү медалды алып келди. Буга чейин эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов коло, Эрназар Акматалиев күмүш, ал эми кыз-келиндер күрөшүнөн Айсулуу Тыныбекова алтын медаль тагынышкан.
Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-7-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.