Жакшы кабар! Эми Мээрим Жуманазарова алтын үчүн ат салышат. Видео

Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова чейрек финалдык этапта канадалык Оливия Грейс Д. Baccoну 7:1 эсебинде уткан.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча дүйнө чемпионатынын жарым финалында россиялык Ханум Велиеваны утуп алды. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты мелдештин жүрүшүн түз алып көрсөтүүдө.
Жуманазарованын атаандашы менен таймашы 3:3 эсебинде аяктады. Бирок акыркы аракетти кыргызстандык балбан кыз жасаган үчүн ага артыкчылык берилди.
Эми финалда Жуманазарова япониялык Рин Мьядзи менен кармашат. Финалдык беттеш эртең, 7-октябрда, болот.