Мээрим Жуманазарова алгачкы атаандашын далысын жерге тийгизип утту

Бүгүн кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 57, 59, 68 жана 72 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашууда.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Мээрим Жуманазарова күрөш боюнча дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешинде кореялык Минджи Ханы утуп, чейрек финалга чыкты. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты мелдештин жүрүшүн түз алып көрсөтүүдө.
Өзүм үчүн тарых жаздым! Айсулуу Тыныбекованын мелдештен кийинки видеомаеги
Кийинки этапта кыргызстандык спортчу канадалык Оливия Грейс Д. Bacco менен кармашат.
Спорттук күрөштүн түрлөрү (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-7-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.