Талант Мамытов алтай бийлигинен Манастын эстелигине орун бөлүп берүүнү өтүндү

Мамытов Алтай цивилизациясынын мурастарын сактоо жана өнүктүрүү максатында Горно-Алтайск шаарына "Алтай цивилизациясы" борборун курууну сунуштады.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов Алтай Республикасынын жетекчилиги менен жолугушуп, Горно-Алтайск шаарында биргелешип "Алтай цивилизациясы" борборун курууну сунуштады. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.
Республиканын өкмөт башчысы Олег Хорохордин жана Эл-Курултай мамлекеттик жыйынынын башчысы Артур Кохоев менен жолугушуу учурунда маданий-гуманитардык, соода-экономикалык жана туристтик багытта иштешүү боюнча сүйлөшүүлөр болду.
Радио
Сырдыбаев: соңку жылдары Алтай окумуштуулары менен тыгыз иштешүүдөбүз
Алтай цивилизациясынын мурастарын сактоо жана өнүктүрүү максатында Мамытов Горно-Алтайск шаарына биргелешип "Алтай цивилизациясы" борборун курууну сунуштады. Ошондой эле спикер аталган шаардан Манастын эстелигин орнотуу үчүн орун бөлүп берүүнү суранды.
Хорохордин бул сунуш сөзсүз түрдө эске алынарын айтып, алтай эли бир тууган кыргыз эли менен кызматташтыкты өнүктүрүүгө кызыкдар экенин билдирди. Ошондой эле ал Кыргызстан менен Алтайдын ортосунда аба каттамдарын ачуу маселесин көтөрдү.