Радио

Узбеков: аскер лицейин Дайыр Асанов сактап калган

Запастагы полковник, генерал-майор Дайыр Асанов атындагы Кыргыз улуттук аскер лицейинин башчысы Дакир Узбеков былтыр аскер лицейин 89 бала бүтүргөнүн айтты.
Sputnik
1982-жылы Кыргызстан коммунисттик партиясынын чечими менен өлкө аймагында аскерлерди даярдаган окуу жай ачуу буйругу чыккан. Окууга Кыргызстандын аймагындагы ден соолугу чың, жакшы окуган балдар тартылган. Ошондуктан аскер окуу жайынын биринчи бүтүрүүчүлөрүнүн билим деңгээли, аскердик даярдыгы өтө жогору болгон. Бул тууралуу Дакир Узбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аскер лицейинин бир курсуна 150 квота берилет.
"Советтер Союзунда биздин өлкөдө орус, беларус улутундагы аскерлер басымдуу эле. Улуттук офицерлер аз болгонуна байланыштуу улуттук аскер лицейин ачуу демилгеленген. 1983-жылы КР компартиясынын 60 жылдыгына карата Фрунзе шаарында республикалык деңгээлде балдарды аскердикке даярдоого адистештирилген мектеп-интернат ачылган. Ошол кезде окуу жайдын биринчи максаты орус тилин терең өздөштүрүү жана болочок офицерлерди даярдоо болгон. 1985-жылы аскер окуу жайын генерал-майор Дайыр Асанов жетектеп калды. 11 жылдын ичинде ал кишинин салымы өтө зор болду. Союз тарап, завод-фабрика, башка мекемелер жоюлуп жаткан кезде Асанов окуу жайды сактап кала алган. Аскер мектеп-интернатынын имараты алгач автовокзалдын жанында болчу. Дайыр Асанов КППнын биринчи катчысы Турдакун Усубалиевге чейин кирип, окуу жайдын жаңы имаратынын долбоорун аэропорттун четине чийдирген. Азыркы учурда долбоор абдан жакшы чийилгендиктен балдар сыртка чыкпай эле ичинде жүрүп, билим алышат. Кийин 1994-жылдан баштап мектеп-интернатка аскер лицейи макамы берилип Асановдун атын алган. Ошентип мамлекеттик, улуттук деңгээлге жеткен", — деди Узбеков.
Полковник аскер лицейинин курсанттары Казакстан, Россия, Түркия, Индия, Кытай жана башка мамлекеттердин аскер окуу жайларына барып билим алып келишерин кошумчалады.