ИИМ Россияда спорт менен машыккан мигранттарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү

ИИМден кабарлашкандай, айрым кыргызстандыктар Россияда баңгизат жана психотроптук заттарды мыйзамсыз сатуу же өткөрүп берүү аракеттерин жасаган учурлар катталууда.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. ИИМдин Россиядагы өкүлчүлүгү бош убактысын машыгуу залдарында өткөргөн кыргызстандыктарга түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан кабарлашты.
Билдирүүгө караганда, айрым кыргызстандыктар Россияда баңгизат жана психотроптук заттарды мыйзамсыз сатуу же өткөрүп берүү аракеттерин жасаган учурлар катталууда.
"ИИМдин кызматкерлери спортчуларды келген өлкөнүн мыйзамдарын сактоого чакырды. Эки же андан көп административдик укук бузуулар үчүн мигранттар "кара тизмеге" кирип, өлкөдөн чыгарылып калышы мүмкүн экени айтылды", — деп жазылат кабарда.
Ошондой эле Москва шаарындагы "Кузьминки" метросунун жанында болгон улуттар аралык жаңжалга катышкан адамдарга карата аймактык укук коргоо органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө айтып беришти.
"Россиядагы кыргыздар": Москвада мигранттар үчүн жаңы портал ачылат
Ал эми спортчулардын машыктыруучулары элчилик, ИИМ өкүлчүлүгү, кыргыз диаспорасы менен дайыма байланышта болуусу керек экени белгиленди.
Жолугушуунун соңунда мигранттарга туура маалымат алуу үчүн расмий сайттарга жана КР элчилигинин социалдык тармактардагы баракчаларына кирип туруу сунушталган.