Кыштын каары сезилип... Бүгүнкү чыйрыктырган Бишкектин сүрөттөрү

Кыргызстандын ар кайсы жерине бир нече күндөн бери жаап жаткан кар бүгүн Бишкек шаарына жетти. Тургундар көзүн ачары менен айнектен себелеп жаткан карды көрүштү.
Sputnik
Кечээ, 5-октябрда, Кыргызгидромет алдыдагы эки күндө жер-жерлерде үшүк жүрүп, кар түшөрүн кабарлаган. Анда Чүй облусунун дыйканчылык аймактарында 0…-2°, түндүгүндө -2…-4 градуска чейин суук болору айтылган.
Sputnik агенттигинин сүрөтчүсү шаар аралап, биринчи карга чыйрыгып турган жаратылышты жана тургундарды сүрөткө тартып келди.
Баса, аймактарга алгачкы кар октябрь айынын башында эле түшкөн.
1 / 10
5-октябрь күнү борбор калаага алгачкы кар жаады
2 / 10
Чүйдө абанын табы -2…-4 градуска чейин муздай турганы айтылган
3 / 10
Буга чейин Бишкектин чет жакасына кар түшкөн
4 / 10
Балет жылдызы Чолпонбек Базарбаевдин эстелиги
5 / 10
Сейил бактагы балаты
6 / 10
Алгачкы кар ар дайым көпчүлүктү бушайман кылат
7 / 10
Сейил бак, кол чатырчан аял, себелеген кар...
8 / 10
Биринчи карга өзгөчө кубанган балалык
9 / 10
Таң эртеден кар тынбай себелегени менен жер агара элек
10 / 10
Ошентсе да ар ким өз түйшүгү менен алек... Шашып бара жаткан адам.