Бишкек: мэриянын жеңилдик каралгандарга көмүрдүн ордуна берген акчасы аз болууда

Мэриядан акчалай компенсациянын көлөмү 5 700 сом болгонун, ал 1,5 тонна көмүрдүн ордуна берилип жаткандыгы белгилүү болду. Бирок буга азыр жогоруда айтылган отунду сатып алуу мүмкүн эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Борбор калаадагы жетишпеген 4 105 үй-бүлө мэриядан бериле турган көмүрдүн ордуна акча алат. Бул тууралуу муниципалитеттин маалымат кызматынан кабарлады.
"Жеңилдик ала турган категориядагы 4 105 үй-бүлөгө 21,45 миллион сом төлөнөт (болжол менен ар бир бүлөгө 5 225 сом — ред.). 18,47 миллион сомдук компенсация 3 672 түтүнгө берилди. Тагыраагы, алардын 89 пайызы тиешелүү каражатын алды", — деп айтты мэриядан.
Буга чейин муниципалитеттен акчалай компенсациянын көлөмү 5 700 сом экендигин, бир бүлөгө 1,5 тонна көмүр берилерин айткан. Жалгыз жашаган пенсионерлер жана ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген үй-бүлөлөргө жеткирип берүү үчүн акча каралмак. Шаар борборунда жашагандарга 500, конуштардагыларга 700 сомдон бөлүнгөн.
Бишкекте көмүрдү кайдан сатып алса болот. Даректер
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы көмүр саткан жерлерге чалып, мэрия айткан суммага 1,5 тонна келбей тургандыгын билди.
Учурда көмүрдүн Кара-Кечеден ташылгандары 4 500-4 700 сом, Казакстандан алып келингени андан кымбат. Кээ бир жерлерде такыр эле жоктугун айтышты. Буга чейин "Кыргыз көмүр" мамлекеттик ишканасынын директорунун орун басары Надырбек Бекжанов Чүй облусунда жергиликтүү көмүр 4,5-4,7 миң сом турарын билдирген. Андан улам учурда 1,5 тонна сатып алуу үчүн жеткире турган акчасын кошпогондо 6 750 сом керек болот.