Бейшембиге карата аба ырайы

7-октябрга караган түнү кээ бир райондордо жана тоо этектеринде жамгыр, ал эми тоолуу өрөөндөрдө кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Бейшемби күнү күндүз өлкө аймагында жамгыр, тоолуу райондордо кар жаайт. Айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Абанын температурасы Чүй, Нарын чөлкөмүндө +5...+10, Ысык-Көл менен Талас жергесинде +4...+9, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +14...+19 градус болот.
Борбордо жамгыр жааса, Ошто күн ачык болору айтылды. Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +7...+9, Ош калаасында +17...+19 градуска жетет.