Айсулуу Тыныбекова экинчи ирет дүйнө чемпиону болду

Тыныбекова 2019-жылы Нур-Султанда өткөн дүйнө чемпионатынан алтын медаль уткан. Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпиону болду.
Ал финалда америкалык спортчу Кайла Коллин Кийоко Миракл менен күрөшкөн.
Биринчи бөлүктө атаандашы пассивдүү болгону үчүн бир упай алган. Экинчи бөлүктө кыргызстандык балбан кыз дагы жанданып улам-улам ыкма жасап жатты. Натыйжада 7:0 эсеби менен жеңип, атаандашына бир да мүмкүнчүлүк берген жок.
Айсулуу турнирдин 1/8 финалынан тарта күрөшүп, алгачкы беттешинде япониялык Ноноко Озакини 6:4 эсебинде, кийин беларустук Вераника Иванованын далысын жерге тийгизип уткан. Ал эми украиналык Илона Прокопевнюкту 5:2 упай айырмасында жеңип, финалга чыккан.
Жаңы тарых! Эрназар Акматалиев дүйнө чемпионатынан күмүш медаль утту
Айсулуу Тыныбекова ушуну менен экинчи ирет дүйнө чемпиондугун багындырды. Ал 2019-жылы Нур-Султанда өткөн дүйнө чемпионатынан да алтын медаль уткан. Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси.
Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-6-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.