Акылбек Жапаров: коррупция оору экен, анын вакцинасын ойлоп таап жатабыз

Министр бюджетти калыбына келтирүү менен жер-жерлерде жаралган маселени тез арада чечүү максаты көздөлүп жатканын айтты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Коррупциянын вакцинасын ойлоп таап жатабыз. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров парламентте билдирди.
Ал райондук бюджетти калыбына келтирип, акимдердин укугун кеңейтүү менен жер-жерлерде жаралган маселени тез арада чечүү, бардык айылдарды тегиз өнүктүрүү максатын көздөп жатканын белгиледи.
"Убагында ушул залда Чыңгыз Төрөкулович (Айтматов — ред.) "аким дегендер Далай-лама болуп алыптыр, эч кимди укпайт" деп айткан эле. Биз андайга жол бербейбиз, ага рычагдарды карап жатабыз. Коррупция деген оору экен, бирок анын вакцинасын дагы ойлоп таап жатабыз", — деди Жапаров.
Учурда "Жергиликтүү мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө" мыйзам долбоору парламентте экинчи окууда каралып жатат.