Насыялоо өкмөттүн "Айыл чарбасын каржылоо-9" долбоорунун алкагында жүрүп, 2021-жылдын 23-сентябрына карата 10 миңден ашуун керектөөчүгө берилди. Мындай маалыматты Эрлан Кенжебаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, долбоордун алкагында тармактарга жараша жылына 6, 8 жана 10 пайыздык коюм менен 60 айга чейинки насыя мөөнөтү каралган.
"Айыл чарбасын каржылоо-9" долбоорунун алкагында министрлик 2021-жылдын 23-сентябрына карата мал чарбачылыгы, өсүмдүк өстүрүү жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү багытында 10 168 фермерге насыя берди. Анын жалпы суммасы 5 миллиард 562 миллион сом болду. Өсүмдүк өстүрүү багыты боюнча 9 миллион сомго 2 482 насыя, мал чарбачылыгы категориясына жалпы 3 миллиард 38 миллион сомго 7413 насыя жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча 1 миллиард 592 миллион сомго 273 насыя берилди. Бул долбоор 2013-жылдан бери иштеп, 2020-жылга чейин фермерлер 40 миллиард 693 миллион сомго 101 802 насыя алышты", — деди Кенжебаев.
Ошондой эле адис "Айыл чарбасын каржылоо-9" долбоору талаа жумуштарын ийгиликтүү ишке ашыруу жана айыл чарба субъектилерин өз учурунда каржылоо максатында кабыл алынганын кошумчалады.