Белгилей кетсек, кечээ, 5-октябрда, кыргызстандык балбан Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын финалында америкалык спортчу Кайла Мираклды 7:0 эсеби менен жеңип, экинчи ирет дүйнө чемпиону болду.
Тыныбекова журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып машыктыруучусу аны мактаганын айтып, бул балбан үчүн өтө маанилүү экенин белгилеген.
"Эгер машыктыруучум менин жеңишиме канааттанса, анда бүтүндөй кыргыз эли ыраазы болду деп ойлойм. Буга чейин дүйнө чемпиону болсом, эми экинчи ирет дүйнө чемпиону аталдым", — деген ал.
Кыргызстандык балбан финал биринчи-экинчи кармашка караганда жеңилирээк болгонун айтып, бул мелдешке жакшы даярданбаганын белгилеген.
"Олимпиада оюндарынан кийин бир айга чукул машыккан эмесмин. Негизи эле дүйнө чемпионатына жакшы даярданган жокмун, аны машыктыруучуларым да байкашты, бирок ага карабай колдоо көрсөтүштү. Даярдыгыма карабай мүнөзүм менен жеңишке жеттим деп ойлойм", — деген Тыныбекова.
Балбан кыз эми Парижде өтчү оюнга даярдык көрөрүн айтып, өзү үчүн тарых жазганын кошумчалаган.