Караандаткан жок! Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынан коло байге утту

Бүгүн Осло шаарында кыз-келиндер күрөшү боюнча дүйнө чемпионатында 57, 59, 68 жана 72 килограмм салмактагы спортчулар күч сынашты.
Sputnik
БИШКЕК, 6-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатында коло байгеге ээ болду. Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты мелдештин жүрүшүн түз алып көрсөтүүдө.
Таймашта спортчу украиналык Aнастасия Шустова менен кез келди.
Кыргыздын балбан кызы атаандашын буттан алып жерге отургузуп, эки упай алды. Партерде анын эки бутун кайчылаштыра мыкчып кармап, төрт жолу тоголотуп салды. Эсеп 12:1 болуп, беттеш Айперинин пайдасына аяктады.