Интернеттин дүйнөлүк масштабда аксашы: Facebook эмне деди

Эмне үчүн интернеттеги бир катар сервистер иштебей калганы туурасында так жооп айтыла элек. Facebook абал боюнча кыскача түшүндүрмө берди.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. WhatsApp, Facebook жана Instagram Кыргызстанда иштебей калды. Аны менен катар дүйнөдөгү колдонуучулар TikTok, Google, Telegram жана Twitter да жеткиликсиз болгонун айтышууда. Бул туурасында интернет-ресурстардын иштерине көзөмөл кылып турган Downdetecto сайтында айтылган.
Эмне үчүн интернеттеги бир катар сервистер иштебей калганы боюнча так жооп берише элек. Маселе серверди иштеп чыккандарда жаралганын айтышты. Facebook буга эмне себеп болгонун билбей турганын кабарлады.
"Кээ бир адамдардын биздин кызматтан пайдалана албай жаткандыгын билдик. Келтирилген ыңгайсыздыктар үчүн кечирим сурайбыз жана аны тез арада оңдоого аракет кылабыз", — деп айтылган компаниянын билдирүүсүндө.
ЖМК: Марк Цукерберг Instagram өспүрүмдөргө зыян экенин билет
Ал арада Telegram менен Twitter колдонуучулары да кыйынчылыктар жаралып жатканын билдиришти. Telegram жаңы колдонуучулардын кошулганына канааттангандыктарын, бирок "сервер баарын бир учурда тейлей албай жаткандыгын" айтты.
Facebook 2004-жылы америкалык Марк Цукерберг тарабынан түзүлгөн. 2012-жылы компания миллиард долларга Instagram социалдык тармагын, көп өтпөй 16 миллиард долларга WhatsApp сервисин сатып алган.