Октябрь окуясында каза болгон Үмүтбектин үй-бүлөсү жаңы батирге кирди. Сүрөт

Президент менен жолугушуудан соң, калаа мэри Айбек Жунушалиев Үмүтбектин үй-бүлөсүнө жаңы батирин көрсөткөн.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров октябрь окуялары учурунда каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсү менен жолукту. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматы билдирди.
1 / 4
Президент Садыр Жапаров октябрь окуялары учурунда каза болгон Үмүтбек Алтынбек уулунун үй-бүлөсү менен жолукту
2 / 4
Жолугушууга маркумдун атасы Алтынбек Жуматаев жана эжеси Инаят Жээналиева келген
3 / 4
Анда Жапаров маркумдун атасына Бишкек шаарындагы эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырганы айтылды
4 / 4
Президент менен жолугушуудан соң, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев каза болгон жигиттин үй-бүлөсүнө жаңы батирин көрсөткөн.
Жолугушууга маркумдун атасы Алтынбек Жуматаев жана эжеси Инаят Жээналиева келген. Анда Жапаров маркумдун атасына Бишкек шаарындагы эки бөлмөлүү батирдин ачкычын тапшырганы айтылды.
"Жолугушуу алдында мамлекет башчысы Үмүтбектин арбагына багыштап куран окуду. Жигиттин туугандары менен жакындарына дагы бир жолу көңүл айтып, ата-эне үчүн баланын ордун эч нерсе толтура албасын белгиледи. Президент октябрь окуяларынан көп өтпөй, Бишкек мэриясына Үмүтбектин үй-бүлөсүнө колдоо көрсөтүү үчүн батир берүүнү тапшырганын, бирок маселе айрым кызматкерлердин шалаакылыгынан улам кечеңдеп кеткенин кошумчалады", — деп айтылат маалыматта.
Президент менен жолугушуудан соң, Бишкек шаарынын мэри Айбек Жунушалиев каза болгон жигиттин үй-бүлөсүнө жаңы батирин көрсөткөн.