УКМК кримтөбөл Камчы Көлбаевдин тобунун мүчөсүн кармады

Шектүү 3-октябрда сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында колго түшүрүлгөн. Учурда УКМКнын тергөө жайына камакка алынды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети кримтөбөл Камчы Асанбектин (Көлбаев — ред.) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү, Казакстандын 63 жаштагы Ф.А.Г. аттуу жаранын кармады. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Шектүү мурдагы күнү, 3-октябрда, сотко чейинки өндүрүш материалдарынын алкагында УКМК тарабынан колго түшүрүлдү.
"Мыйзамдагы ууру" Камчы Асанбектин кылмыштуу тобунун өкүлү буга чейин мыйзамсыз баңгизат, курал-жарак сактоо, каракчылык иштери жана уюшкан кылмыштуу топту түзүү, ошондой эле Казакстанда, Кыргызстанда жана КМШ өлкөлөрүнүн аймагында уурдалган кымбат баалуу унааларды сатууну уюштургандыгы үчүн бир нече жолу соттолгону аныкталды", — деп айтылат атайын кызматтын билдирүүсүндө.
Ф.А.Г. УКМКнын тергөө камак жайына киргизилген. Учурда анын Кыргызстандын аймагында башка да кылмыштарга тиешеси бар-жогун аныктоо боюнча ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.