Садыр Жапаров жергиликтүү сотторго 9 судья дайындады. Тизме

Өлкө башчы Судьяларды тандоо кеңеши сунуштаган талапкердин баарын жактырып, кызматка дайындоо жарлыгын чыгарган.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров жергиликтүү сотторго тогуз судья дайындады. Бул туурасында мамлекет башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирүүгө ылайык, Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан мамлекет башчыга тогуз талапкер сунушталып, ал баарын жактырган.

Жаңы дайындалган судьялар:

Чүй облусу
Ош облусунун Кара-Суу райондук сотуна — Мээрим Мамасалиева;
Ош шаардык сотуна — Султан Максатбеков, Абдисалам Мойдунов;
Жалал-Абад шаардык сотуна — Кеңешбек Бекчалов;
Бишкек шаарынын Октябрь райондук сотуна — Тимурлан Карабеков.