Коронавирус эки адамдын өмүрүн алып, 69 киши оору жуктурду

Кечээтен бери коронавирус жуктурган учур Нарын, Ош, Баткен облустарында катталган эмес. Азыркы тапта 451 бейтап ооруканаларда дарыланып жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Өткөн суткада өлкөдө 69 кишиден коронавирус аныкталып, 84 бейтап айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Кыргызстанда илдет илештиргендердин жалпы саны 178 852ге жетти. Анын ичинен 173 622 адам ооруну жеңген.
Тилекке каршы, дарт өткөн суткада эки адамдын өмүрүн алган. Ушуну менен жалпы 2 610 киши коронавирустун курмандыгы болду. 
Азыркы тапта стационарда 451, ал эми амбулатордук шартта 684 адам дарыланып жатканы айтылды.