Бишкектин үстүнөн белгисиз объектилер учуп өттү. Видео

Айрымдар бул Байконур космодромунан "киноэкипаж" менен учурулган россиялык ракета деп божомолдогон. Бирок ал экипаж бүгүн учары белгилүү болду.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Sputnik Кыргызстан редакциясына окурмандар Бишкектин үстүндө белгисиз объектилер учуп жүргөн видео жөнөтүштү.
Алар учуп өткөн соң узап барып көрүнбөй калат. Айрымдар бул Байконур космодромунан "киноэкипаж" менен учурулган россиялык ракета деп божомолдоодо. Бирок РИА Новости сөз болуп жаткан ракета бүгүн Бишкек убактысы менен саат 14:44тө абага көтөрүлөрүн жазды.
"Вызов" тасмасы кинематографтын тарыхында алгачкы жолу кесипкөй актриса космосто тартылган фильм болуп калмакчы. Чыгармачыл топко космонавттар жардам беришет.