Бишкектин Арча-Бешик – 2 конушунда жаңы мектеп курулууда

Мектептин курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражат багыты боюнча каржыланат. Анын тендерлик баасы 1 миллион 230 миң 986 долларды түзөт.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Бишкек шаарындагы Арча-Бешик - 2 конушунда 500 орунга эсептелген жаңы мектеп курулууда. Бул тууралуу мэриянын Капиталдык курулуш башкармалыгы билдирди.
1 / 2
Бишкек шаарындагы Арча-Бешик-2 конушунда 500 орунга эсептелген жаңы мектеп курулууда
2 / 2
Мектептин курулушу Сауд Өнүктүрүү фондунун насыялык каражат багыты боюнча каржыланат.
Мектептин курулушу Сауд өнүктүрүү фондунун насыялык каражат багыты боюнча каржыланат.
Жаңы мектепте окуучуларга бардык шарттар түзүлгөн. Анда окуу корпусу, ашканасы, спорт залы, актовый залы, компьютердик классы, эмгек классы, ошондой эле химия, биология, физика предметтери боюнча лабораториялары бар.
"Билим берүү мекемесинин тендердик баасы 1 миллион 230 миң 986 АКШ долларын түзгөн. Анын 492 394 долларын Сауд өнүктүрүү фонду бөлдү. Учурда курулуш иштеринин 50 пайызы аяктады. Азыркы тапта ичи-тышын шыбоо, желдетүүчү системаны орнотуу иштери жүргүзүлүүдө", — деп айтылат маалыматта.
План боюнча мектептин курулушу 2022-жылы аяктайт.