БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Үстүбүздөгү жылдын 14-октябрында Баткен шаарында "Баткенди өнүктүрүү – өлкөнү өнүктүрүү" аталышындагы форум өтөт. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Ага министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов, ошондой эле мамлекеттик органдардын жетекчилери, эл аралык уюмдардын, дипломатиялык корпустардын, финансылык институттардын, бизнес-омбудсмен өкүлдөрү, ата мекендик ишкерлер жана бизнес-түзүмдөр катышат.
Иш-чара президенттин "Баткен облусунун чек арадагы айылдарын калыбына келтирүү жана өнүктүрүү боюнча биринчи кезектеги чаралар жөнүндө" жарлыгынын алкагында өтүп жатканы белгиленди. Максаты — Баткен облусунун экономикалык потенциалын кеңейтип, инвестициялык мүмкүнчүлүктөрүн көрсөтүү жана жергиликтүү тургундардын жашоо сапатын жогорулатуу.
Аталган форум облустун социалдык-экономикалык жактан өнүктүрүүнүн актуалдуу маселелерин талкуулоо аянтчасы катары гана саналбастан, маанилүү макулдашууларды түзүүгө да мүмкүндүк берери айтылды.