Сыркоологон балдардын ичи өтүп, кусуп жатат. Коронавирус эмеспи?

Буга чейин айрым ата-энелер социалдык тармактарга балдарынын ичи өтүп, кусуп жатканын айтып, бул коронавирус эмеспи деген кооптонууларын жазышкан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Ооруларды алдын алуу жана санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча мамлекеттик департаменттин жугуштуу ооруларды көзөмөлдөө бөлүмүнүн башчысы Динара Оторбаева учурда балдар арасында жүрүп жаткан ич өтүү, кусуу менен коштолгон оорулар тууралуу түшүндүрмө берди.
Буга чейин айрым ата-энелер социалдык тармактарга коронавирус эмеспи деген кооптонууларын жазышкан.
Оторбаева азыркы учурда балдар арасында коронавирус катталбагандыгын айтып, болгону жыл сайын ушул мезгилде коронавирустан башка курч респиратордук жугуштуу оорулар көп учурай турганын белгиледи.
"Азыр ооругандардын көпчүлүгү эле коронавирус болуп калдыкпы деп кабатырланып, мобилдик бригада чакырып жатышат. Бирок анын баары коронавирус эмес. Азыр лабораториялык тастыктоолор да балдар арасында коронавирус жок экенин көрсөтүүдө. Өткөн жумада аба ырайы кескин өзгөрүп кеткендигине байланыштуу курч вирустук оорулар козголуп жатат. Негизи эле жыл сайын сентябрдын аягынан баштап сасык тумоо сыяктуу вирустук оорулар башталат", — деди Оторбаева.
Коронавирустан улам Бишкектеги мектептерде 13 класс жабылды. Тизме
Ал азыр балдар арасында деле курч респиратордук вирустук инфекциялар, энтеравирустук инфекциялар жүрүп жатканына токтолуп, айрым учурда ага кабылган балдардын ичи өтүп, кусушу ыктымал экенин белгилеген.
Адис азыр коронавирус боюнча кырдаал туруктуу экенине токтолуп, сыркоолоп калган балдардын ата-энелерин үй-бүлөлүк дарыгерден кеңеш алууга чакырды.