Айпери Медет кызы саналуу секунд калганда жеңишти алдырып, финалга өтпөй калды

Айпери 3:1 эсеби менен алдыда баратып, күрөштүн бүтөрүнө саналуу ирмемдер калганда утулуп калды.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Айпери Медет кызы дүйнө чемпионатынын жарым финалында эстониялык Эпп Мяэниге утулуп калды.
Балбан кыздар 76 килограмм салмак категориясында күрөштү. Биринчи бөлүктө эстониялык спортчу бир упай артыкчылыгы менен алдыга чыкты. Андан соң Айпери атаандашы пассивдүү болгону үчүн бир, тескери алып чаап эки упай алган. 3:1 эсеби менен алдыда баратып, күрөштүн бүтөрүнө саналуу ирмемдер калганда эки упай алдырып жиберди. Натыйжада каршылашы соңку ыкма жасаганы үчүн Айпери 3:3 эсебинде утулуп калды.
Кыргызстандык балбан буга чейинки эки атаандашын (болгариялык жана россиялык) бир-эки мүнөткө жеткирбей эле 10:0 эсеби менен утуп алган.
Финалда күрөшөт. Тыныбекованын дүйнө чемпионатындагы беттештеринин видеосу
Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-6-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.