10:0! Айпери Медет кызы алгачкы атаандашын ай-буйга келтирбей утту

Бүгүн спорттук күрөштүн түрлөрү боюнча дүйнө биринчилигинде кыз-келиндер бөлүгүндө 50, 53, 65 жана 76 килограмм салмактагы атлеттер таймашууда.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Айпери Медет кызы Күрөш боюнча дүйнө чемпионатындагы алгачкы беттешинде Мария Оряшкованы бир мүнөткө жетпеген убакытта утуп, чейрек финалга өттү. Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюмунун расмий сайты түз көрсөттү.
76 килограмм салмак категориясында ат салышкан атлеттердин 1/8 финалдык баскычындагы беттеши 10:0 эсебинде Медет кызынын таза техникалык артыкчылыгы менен аяктады. Айпери эми кийинки этапта россиялык Марина Суровцева менен кез келет.
Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. 4-6-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 7-10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.