ACA: Алтынбек Мамашов мыкты беттеши үчүн 50 миң доллар бонус алды

Кыргызстандык атлеттин ACA 130 мелдешиндеги беттеши кечээ, 4-октябрда, Чеченстандын борбору Грозный шаарында өттү. Анда ал атаандашын нокаут менен уткан.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Absolute Championship Akhmat (ACA) лигасынын кыргызстандык мушкери Алтынбек Мамашов кезектеги мыкты нокауту үчүн 50 миң доллар бонус алды. Бул тууралуу аталган лига өзүнүн Instagram баракчасына жазды.
Мамашов UFC уюмунун экс-мушкери, бразилиялык Элиас Сильверио менен кез келип, таймаштын экинчи раундунда аны сулата чапкан. Ээкке таамай тийген кубаттуу соккудан бразилиялыктын оозундагы тиш калканы (капа) ыргып кеткен. Аталган уюм кыргызстандык мушкердин мыкты беттеш көрсөткөнү үчүн 50 миң доллар бонус ыйгарды.
Таймаш кечээ, 4-октябрда, Чеченстандын борбору Грозный шаарында өткөн.
Кыргызстандык мушкер буга чейин ACA уюмунун 2021-жылдын 11-июнунда өткөн мелдешинде россиялык Василий Курочкинди нокаутка кетирип уткан беттеши үчүн да 50 миң доллар бонус алган. 
Мамашовдун эстен тандырган соккусу Absolute Championship Akhmat лигасынын жарым жылдагы мыкты нокауту болуп табылган.
Алтынбек Мамашов Absolute Championship Akhmat лига мыкты беттеш нокаут бонус