Афган качкындарын АКШ кабыл алышы керек. Сурамжылоонун жыйынтыгы

Улуу Британиянын, Германиянын, Испаниянын, Италиянын жана Франциянын жарандары АКШнын Афганистандан аскерлерин чыгарып кетишине кандай көз карашта экенин билдиришти.
Sputnik
БИШКЕК, 5-окт. — Sputnik. Ifop компаниясынын Sputnik радиосу үчүн жүргүзгөн сурамжылоосуна ылайык, европалыктардын көпчүлүгү афгандык качкындарды АКШ кабыл алышы керек деп эсептейт.
Респонденттер беш суроого жооп берген:
Сурамжылоо батыш-европалык мамлекеттер АКШнын Афганистандан аскерлерин чыгарып кетишине кандай пикирде калганын билүү үчүн жүргүзүлдү.
Артка кылчайып карап, АКШ менен союздаштарынын 2001-жылы Афганистанга аскерлерин киргизишин ката деп эсептейсизби?
Немецтердин дээрлик жарымы (49 пайыз), француздар (34 пайыз) менен италиялыктардын (36 пайыз) үчтөн бир бөлүгүнөн көбүрөөгү, британиялыктардын 40 пайызы жана испаниялыктардын 41 пайызы 2001-жылы Афганистанга аскерлерди киргизүү жаңылыштык болгон деп эсептейт. Ал эми француздардын 40 пайызы, немецтердин 37 пайызы, британиялыктардын 34 пайызы, италиялыктардын 46 пайызы жана испаниялыктардын 39 пайызы жоокерлерди бул өлкөгө киргизүү туура болгон деп ойлойт.
Француздардын үчтөн бир бөлүгү (35 пайыз), немецтердин 41 пайызы, британиялыктардын 43 пайызы, италиялыктардын жарымынан көбү (53 пайыз) жана испаниялыктардын дээрлик жарымы АКШнын Афганистандан жоокерлерин чыгарып кетишинен улам Америка тууралуу начар ойдо калганын билдирген.
ЖМК: талибдер Тажикстан менен чектешкен аймакка жан кечтилердин батальонун жөнөтөт
Сурамжылоого катышкан өлкөлөрдүн жарандарынын жарымынан көбү Афганистандан аскерлердин чыгарылышы дүйнөлүк коопсуздуктун деңгээлин төмөндөткөнүн айтышкан. Француздардын жарымы (50 пайыз), немецтердин 63 пайызы, британиялыктардын жарымынан көбү (53 пайыз), испаниялыктардын 54 пайызы жана италиялыктардын 60 пайызы да ушундай пикирде.
"Талибан" бийликке келгенден кийин өлкөдөн качкан качкындарды АКШ кабыл алышы керек деп эсептеген респонденттердин саны качкындарды Европа өлкөлөрү кабыл алышы керек деп эсептегендерге салыштырмалуу көп: Францияда 63 пайыз 46 пайызга каршы, Германияда 73 пайыз 58 пайызга каршы, Улуу Британияда 75 пайыз 67 пайызга каршы, Италияда 82 пайыз 73 пайызга каршы жана Испанияда 85 пайыз 80 пайызга каршы.
Сурамжылоо 2021-жылдын 21-сентябрынан 27-сентябрына чейин онлайн-анкетаны өз алдынча толтуруу жолу менен жүргүзүлгөн. Сурамжылоо Европанын беш мамлекетинде ишке ашып, ага 18 жаштан жогорку курактагы жарандар катышкан. Жалпы жонунан 5 032 респондент сурамжылоого алынды: Франция (1002 адам), Германия (1011 адам), Улуу Британия (1004 адам), Италия (1007 адам), Испания (1008 адам).