Радио

Маткеримов: Бишкектеги Эл аралык дзюдо академиясы 500 адамды батырат

Улуттук дзюдо федерациясынын аткаруучу катчысы Урматбек Маткеримов Бишкекте ачылган Эл аралык дзюдо академиясында бир убакта 500 адам машыга аларын айтты.
Sputnik
Дзюдо академиясына бардык жаш курактагы адамдар келип, ден соолугун чыңдаса болот. Мындай маалыматты Урматбек Маткеримов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, академияда тажрыйбалуу машыктыруучу, педагог, психологдор иштеп, балдардын туура машыгуусуна шарт түзөт.
"Дени сак жашоо образын түзүү, өлкөдө дзюдо спортун өнүктүрүү жана жайылтуу максатында Бишкекте эл аралык дзюдо академиясы ачылды. Ага кичинекей балдардан баштап улуу жаштагы бардык жарандар келип машыкса болот. Ар бир адамдын убактысына ыңгайлуу машыгуу мөөнөтү белгиленет. Академия учурдун талабына жооп берген стандарт менен курулуп, машыгуу үчүн бардык шарт каралган. Машыгуу төрт бөлүк менен өтүп, бир учурда 500 балага ыңгайлашкан жер бар. Жумасына жалпы 1000дей адам дзюдо менен машыгып, ден соолугуна кам көрө алат", — деди Маткеримов.
Ошондой эле адис дзюдо академиясынын "эл аралык" макамына ээ болушу чоң мүмкүнчүлүктөрдү ачарын кошумчалады.