Элчи Шер-Нияз жаш жазуучулар үчүн ЮНЕСКО сыйлыгын уюштурууну сунуштады

Шер-Нияз уюмдун россиялык жазуучу Фёдор Достоевскийдин 200 жылдыгына карата өткөргөн иш-чарасында сүйлөгөн.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандын Франциядагы элчиси, ЮНЕСКОдогу туруктуу өкүл Садык Шер-Нияз жаш жазуучулар үчүн ЮНЕСКО тарабынан эл аралык сыйлык уюштурууну сунуштады. Бул тууралуу элчи Facebook баракчасына жазды.
Шер-Нияз аталган уюмдун башкы конференциялык залында россиялык жазуучу Фёдор Достоевскийдин 200 жылдыгына арналган иш-чарада сүйлөгөн.
"Улуу ойчулдун Орто Азия жазуучуларына тийгизген таасири, албетте, Чыңгыз агабыз, Олжас агабыз жөнүндө кыстарып кетпесек болбос. Улуу ойчулдардын атынан жаш жазуучуларга эл аралык ЮНЕСКО тарабынан сыйлык уюштуруш керектигин айттым. Жакшы кабыл алышты", — деди Шер-Нияз.
Иш-чарага ЮНЕСКОнун башкы директору Одри Азуле катышкан. Элчи аны менен да баарлашып, идеяларын айтканын кошумчалады.