БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Улуттук статистика комитети Кыргызстанда кайсы тармактын кызматкерлери эң жогорку жана кайсы тармактыкы эң аз айлык алары тууралуу маалымат жарыялады.
Ага ылайык, финансылык ортомчулук жана камсыздандыруу жаатында иштеген 24,6 миң адам орто эсеп менен 35 343 сомдон айлык алары белгилүү болду. Алардан кийин маалымат жана байланыш жааты турат. Мында эмгектенген 13,5 миң киши 35 114 сом акча иштеп табат. Үчүнчү орунда пайдалуу кен казуу тармагы жайгашты. Андагы 12,3 миң кызматкер 32 688 сомдон алышат.
Ал эми арзыбаган айлыкка иштегендердин сап башында искусство жана көңүл ачуу тармагынын өкүлдөрү турат. Алар айына орто эсеп менен 9 миң сомдон бир аз көп акча алышат. Мындай айлык 13,9 миң кишиге тиет. Саламаттык сактоо жана социалдык кызмат көрсөтүү тармагындагы 73,1 миң киши ай сайын болгону 11 миңге чукул акча алышат. Өлкөдөгү 194,2 миң мугалим 14-15 миңден гана маяна табат.
Бул маалымат 2020-жылга тиешелүү. Былтыр өлкөдө орточо айлык 18 940 сом деп белгиленген.