Эрназар Акматалиев таң калтырган ыкмалары менен чейрек финалга чыкты. Видео

Кыргызстандык балбан Шри-Ланка жана Армениядан келген эки балбанды ишенимдүү жеңип, кийинки этапка өттү.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандык балбан Эрназар Акматалиев Дүйнө чемпионатынын чейрек финалына чыкты.
Спортчу 70 килограмм салмак категориясы боюнча килемге чыгып, биринчи беттешинде Шри-Ланкадан келген балбанды 10:0 эсебинде мөөнөтүнөн мурун утуп алды.
Андан соң 1/8 беттеште армениялык Арман Андреасян менен кез келип, 11:2 эсебинде жеңди. Алгач кыргызстандык балбан атаандашына эки упай алдырып жиберди. Андан соң чабуулга өтүп, өзгөчө ыкмаларды колдонуп, катары менен упай алып жатты. Армениялык спортчу Акматалиевди көтөрүп чабууга аракет кылганда кыргызстандык балбан кайра өзүнө каршы ыкма жасоого жетишти.
Эрназар Акматалиев Токио Олимпиадасынын катышуучусу.