Айсулуу Тыныбекованын алгачкы атаандашы белгилүү болду

Кыз-келиндер күрөшү бүгүн башталат. Анда 55 жана 62 килограмм салмактагы спортчу кыздар таймашка чыгышат.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандык Айсулуу Тыныбекованын дүйнө чемпионатындагы алгачкы атаандашы аныкталды. Чүчү кулактын жыйынтыгын Бириккен күрөш дүйнөсү (United World Wrestling) уюму расмий сайтына чыгарды.
Тыныбекова турнирдин 1/8 финалынан тарта күрөшүп, алгачкы беттешинде япониялык Ноноко Озаки менен таймашат.
Тыныбекова турнирдин 1/8 финалынан тарта күрөшүп, алгачкы беттешинде япониялык Ноноко Озаки менен таймашат
Улуттук курама команда мелдешке үч балбанды алып барган. Айпери Медет кызы (76 килограмм) 5-октябрда, ал эми Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) 6-октябрда күрөшөт.
1 / 2
Улуттук курама команда мелдешке үч балбанды алып барган. Айпери Медет кызы (76 килограмм) 5-октябрда
2 / 2
Ал эми Мээрим Жуманазарова (68 килограмм) 6-октябрда күрөшөт
Норвегиянын Осло шаарында Спорттук күрөштүн (грек-рим, эркин жана кыздар күрөшү) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын мелдеши менен башталган. Бүгүн кыз-келиндер бөлүгүндө 55 жана 62 килограмм салмактагы спортчулар килемге чыгышат. Турнир 10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын таймашы менен жыйынтыкталат.