Сүйүнчү! Кыргыз балбаны Осмонов дүйнө чемпионатында коло медаль утту. Видео

Осмонов жарым финалда ирандык Амирмохаммад Язданичератиге жеңилген. Ага чейинки этапта кыргыз балбаны Франция, Бразилия жана украиналык балбандарды уткан.
Sputnik
БИШКЕК, 4-окт. — Sputnik. Кыргызстандык эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов дүйнө чемпионатынын коло байгесин утту. Медаль үчүн таймашта ал польшалык Кшиштоф Биенковски менен кармашты. Мелдештин жүрүшүн Бириккен күрөш дүйнөсү уюмунун расмий сайты түз алып көрсөттү.
Бул Кыргызстан үчүн 2021-жылдагы дүйнө чемпионатындагы алгачкы медаль болду.
Беттештин жалпы эсеби 4:1 менен кыргызстандык балбандын пайдасына аяктады.
Утту! Айсулуу Тыныбекова дүйнө чемпионатынын финалына чыкты
Осмонов жарым финалда ирандык Амирмохаммад Язданичерати менен кармашып, 4:5 эсебинде жеңишти алдырган. Жарым финалга чейин кыргыз балбаны Франция, Бразилия жана украиналык балбандарды уткан.
Спорттук күрөштүн (эркин, кыз-келиндер жана грек-рим) түрлөрү боюнча дүйнө чемпионаты ушул күндөрү Норвегиянын Осло шаарында өтүп жатат. Турнир 2-октябрда эркин күрөш балбандарынын жарышы менен башталган. 4-6-октябрда кыз-келиндер күрөшү менен уланып, 10-октябрда грек-рим күрөшүнүн балбандарынын мелдеши менен жыйынтыкталат.