Швейцарияда досун вакцина алууга ынандыргандарга 54 доллар берилмей болду

Өлкөдө калктын 42 пайызы гана коронавируска каршы вакцина алган. Бийлик бул карантиндик чектөөлөрдү алууга жетишсиз деп эсептейт.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Швейцария бийлиги коронавируска каршы иммундаштыруунун деңгээли төмөн болуп жаткандыктан элди вакцина алууга шыктандырган өзгөчө ыкманы сунуштады. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды.
Маалыматка ылайык, өзүнүн досун эмдөөдөн өтүүгө ынандырган жаранга сый акы ыйгарылат. Башкача айтканда, эмдөө пунктуна бирөөнү ээрчитип келген адам 50 швейцария франкын (болжол менен 54 доллар) алат. Бул сумма накталай эмес, купон түрүндө берилген. Аны көңүл ачуучу жана оюн-зоок жайларына барганда колдонсо болот.
"Иммундаштыруунун деңгээли өтө төмөн бойдон калууда. Мындай жол менен кете берсе чектөө чараларына чекит коё албайбыз. Материалдык сый акы берүү менен вакцинациялоо кампаниясы тездешине ишенебиз", — деп айткан өлкөнүн саламаттыкты сактоо министри Ален Берсет.
Учурда Швейцарияда калктын 42 пайызы гана коронавируска каршы вакцина алган. Бийлик бул карантиндик чектөөлөрдү алууга жетишсиз деп эсептейт.