БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Жыл башынан бери Кыргызстанда банкка салынган депозиттердин көлөмү 25,6 миллиард сомго өстү. Бул кезектеги рекорд экенин Улуттук банк билдирди.
Башкы банк депозиттеги каражатты каттоого алып турат. Мындан тышкары, бул көлөмгө эсептөөдөгү акчалар да киргизилген. Аманаттык каражат жеке жана юридикалык жактардыкы экени айтылды.
Өткөн жылдын аягында банктардагы аманат акчалардын көлөмү 180,9 миллиард сомго жетип, быйылкы жылдын январь айынан тарта өсүш басаңдап калган. Анткен менен марттан бери депозиттин саны өсүп, ай сайын жаңы рекорд коюлууда.
Август айынын соңундагы маалымат боюнча, коммерциялык банктарда 206 миллиард 553 миллион сом депозит катары турганы маалым болду. Бул июль айына салыштырмалуу 3,9 миллиардга көп.