COVID: 86 киши ооруну жеңип, өлүм катталган жок. 3-октябрдын статистикасы

Оору илештиргендердин жалпы саны 178 740ка жетти. Анын ичинен 173 741и дартты жеңген. Бир сутка ичинде өлкөдө өлүм учурлары катталган жок.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкөдө 60 кишиден коронавирус табылып, 86 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Оору илештиргендердин жалпы саны 178 740ка жетти. Анын ичинен 173 741и дартты жеңген. Бир сутка ичинде өлкөдө өлүм учуру катталган жок. Негизинен пандемия башталгандан бери 2 607 бейтап коронавирустун курмандыгы болгон.
Азыркы тапта стационарда 436, ал эми амбулатордук шартта 743 киши дарыланып жатканы айтылды.
Бир сутка ичинде эмдөөдөн 5 785 адам өттү, анын ичинен 2 565и биринчи дозаны, 3 220сы экинчи дозаны алган. Ал эми жалпысынан алганда биринчи дозаны 836 029 киши, толугу менен эмдөөдөн 631 598 кыргызстандык өттү.