ЖМК экс-президент Ашраф Ганинин Афганистандан кантип качканын жазды

Гани жана анын жанындагы 54 адам Өзбекстандан Абу-Дабиге Казакстандын FlyJet авиакомпаниясынын учагы менен учканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. Афганистандын мурдагы президенти Ашраф Гани Кабулду талибдер басып алгандан кийин Бириккен Араб Эмиратына Өзбекстан аркылуу качкан. Бул тууралуу Афганистандын Hashte Subh Daily басылмасы Flightradar сервисиндеги маалыматка жана ишенимдүү маалымат булактын айтымына таянып кабарлаган.
Басылманын маалымат булагы Кабулдан мурдагы президент менен чогуу качкандардын бири болгон. Ал ажону өлкөдөн чыгарып кетүү ишине 15-августта бир нече тик учак тартылганын айтып, ал тик учактар атайын өзгөчө кырдаалдар үчүн президенттин сарайында болгонун белгилеген.
"Өзбекстанга төрт тик учак менен 54 адам учкан. Анын 22си учкучтар болсо, 22си президенттин жан сакчылары эле. Эч кимисинин жанында паспорту жок болчу", — деген ал.
Гани менен анын жанындагылар Өзбекстанда бир сутка болушкан. Ишенимдүү маалымат булактын айтымында, аларды өзбек аскерлери кайтарып турушкан. Аскерлер өлкөгө кирген афгандыктардын ар бир кыймылына көз салып, ал тургай алардын бири-бири менен сүйлөшүүсүнө уруксат берген эмес.
"Дүйшөмбү күнү түшкү тамак учурунда Термездин аэропортуна анча чоң эмес, эч кандай мамлекеттик же менчик белгиси жок ак учак конгон", — деген басылманын ишенимдүү булагы.
Саясат таануучу Өзбекстандын талибдерге көз карашы кандай экенин айтты
Flightradar сервисиндеги маалыматтар боюнча, кеп Казакстандын FlyJet авиакомпаниясынын учагы тууралуу болуп жатат. Ашраф Гани жана анын жанындагы 53 адам дал ушул учак менен 16-август күнү саат 23:00дө Термезден Абу-Дабиге кеткен.
Ишенимдүү булак 3,5 сааттан кийин учак Абу-Дабинин аэропортуна конуп, аларды бир нече араб тосуп алганын кошумчалаган. Ал Абу-Дабиде Ганиге Өзбекстандагыдай сый мамиле жасалбаганын белгилеген.