ЖМК: талибдер Тажикстан менен чектешкен аймакка жан кечтилердин батальонун жөнөтөт

Мансурдун армиясы" деп аталган батальон Афганистандын мурдагы өкмөтүнүн коопсуздук күчтөрүнө каршы чабуул жасаган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-окт. — Sputnik. "Талибан"* кыймылынын согушкерлери Тажикстан менен чектешкен аймакка террорчу жан кечтилерден турган атайын батальон жөнөтүү алдында турат. Бул тууралуу Khaama Press афган басылмасы Бадашхандын түндүк-чыгыш провинциясынын губернаторунун орун басары Нисар Ахмад Ахмадиге таянып кабарлаганын "Известия" жазды.
Атайын батальон "Мансурдун армиясы" деп аталат. Ал кыймыл лидерлеринин бири 2016-жылы каза болгон Ахтар Мансурдун атынан коюлган.
Аталган топ Афганистандын чек ара аймактарына, анын ичинде Бадашхан провинциясына жайгаштырылары айтылды. Тажикстан менен чектешкен аймак бул мамлекетте эң узун чек аралардын бири. Чыгышында Кытай жана Пакистан менен чектешет.
Ахмадинин айтымында, атайын бөлүмдөр жан кечтилер батальонунун принциптери боюнча иш алып барышат. Дал ушул батальон Афганистандын мурдагы өкмөтүнүн коопсуздук күчтөрүнө каршы чабуул жасаган.
"Эгер бул батальон болбогондо АКШ жеңилмек эмес. Алар жардыргыч салынган жилетка менен Американын Афганистандагы базаларын жардырмакчы. Булар кудайга кызмат кылган, эч нерседен коркпогон адамдар", — деген ал.
Буга чейин 30-сентябрда "Талибан"* кыймылынын өкүлү Билал Карими Тажикстан менен чектешкен аймакка күч тартуу тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын айткан. Тажикстандын күч түзүмдөрүндөгү булактар дагы эки мамлекеттин чек арасындагы кырдаал тынч экенин билдиришкен.
АКШнын Афганистанда калган курал-жарактары 85 миллиард долларга бааланды
Белгилей кетсек, Афганистандагы кырдаал Америка өз аскерлерин чыгарып кете баштаган соң кескин курчуган. Август айынын башында "Талибан"* кыймылы Афганистандын аскер күчтөрүнө чабуулун активдештирип, 15-августта Кабулду басып алган. Анын эртеси эле согуш токтогонун жар салышкан. Августтун акыркы эки жумасы америкалык аскерлердин көзөмөлүндө болгон Кабул аэропортунан Батыштын жарандары жана алар менен кызматташкан афгандар массалык түрдө эвакуацияланган. 31-августка караган түнү дээрлик 20 жылга жакын Афганистанда болгон АКШ аскерлерин Кабул аэропортунан чыгарып кетишкен.
* — Кыргызстанда жана башка мамлекеттерде тыюу салынган уюм