Түркияда Жусуп Абдрахмановдун эстелиги ачылды. Сүрөт

Түрк тарыхый паркына Ататүрктүн, Расулзаденин, Назарбаевдин, Каримовдун, Бердимухамедовдун да эстеликтери коюлган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетиндеги Түрк тарыхый паркында Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун эстелиги ачылды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматынан кабарлады. 
Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун эстелиги
Айкелдин ачылышына карата уюштурулган салтанатка КРдин Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Этимесгут муниципалитетинин мэри Энвер Демирел катышкан. Маалыматта алардын эстеликке гүл коюп, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүсүнүн жаркын элесине таазим кылганы айтылган.
Аталган паркта Жусуп Абдрахмановдун эстелиги менен катар түрк тилдүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрү – Кемал Ататүрктүн, Мамед Эмин Расулзаденин, Нурсултан Назарбаевдин, Ислам Каримовдун, Гурбанголы Бердимухамедовдун айкелдери бар экени айтылды.
1 / 2
Анкара шаарынын Этимесгут муниципалитетиндеги Түрк тарыхы паркында Кыргыз АССРинин Эл Комиссарлар Кеңешинин биринчи төрагасы Жусуп Абдрахмановдун эстелиги ачылды.
2 / 2
Айкелдин ачылышына карата уюштурулган салтанатка КРдин Түркиядагы элчиси Кубанычбек Өмүралиев, Этимесгут муниципалитетинин мэри Энвер Демирел катышкан.
Түрк тарых паркы 2021-жылдын 29-августунда ачылып, анда түрк тилдүү мамлекеттердин негиздөөчүлөрүнүн, ошондой эле түрк дүйнөсүнүн атактуу өкүлдөрү - Айтматовдун, Махтумкулинин, Кунанбаевдин жана түрк кагандарынын эстеликтери тургузулган. Жалпысынан паркта 206 айкел бар.