КР элчилиги: Россиядагы кыргыз мигранттарынын теңинен көбү аялдар

Акыркы беш жыл ичинде Россияга Кыргызстандан барган аял мигранттардын саны 10 пайызга өскөнү маалым болду.
Sputnik
МОСКВА, 2-окт. — Sputnik, Данара Курманова. Жылына Кыргызстандан 50 миңге чукул адам чет мамлекетке иштегени кетет. Алардын көбү Россияга барат. Мындай санды эл аралык конференцияда Кыргызстандын Россиядагы элчисинин кеңешчиси Манас Жолдошбеков келтирген.
Анын айтымында, Россиянын аймагында болжол менен 700 миңден 1 миллионго чейинки мигрант бар. Жарымынан көбү аялдар. Акыркы беш жыл ичинде Россияга Кыргызстандан барган аял мигранттардын саны 10 пайызга өскөн (Федералдык миграциялык кызматтын маалыматы боюнча, 2016-жылы бул сан 40 пайыздан ашчу эмес).
Россия президентинин алдындагы улуттар аралык мамилелер кеңешиндеги комиссия эксперти Раимкул Аттокуров бейрасмий маалымат боюнча Россияда кыргыз мигрант аялдардын саны 60 пайызга жакындаганын белгилеген.
Жолдошбаев мигрант аялдардын укугу бузулган учурларды каттоого алчу коомдор бар экенин кошумчалаган.
"Аялдар психологиялык, сексуалдык, күч колдонгон зордук-зомбулукка туш болот. Айрымдар туура эмес жумушка орношуп алат. Бирок кээ бири эмгек келишимдерин түзбөгөндүктөн, укуктарын толугу менен коргой албай калышат", — деген ал.
Жолдошбеков мындай учурларга кабылып калбаш үчүн сөзсүз эмгек келишимин түзүү керектигин эскертип, Кыргызстандын элчилиги консулдук мекемелеринде юристтердин санын көбөйтүп жатканын айтты.