Бишкекте COVID жуктургандарды үч эле оорукана кабыл алууда. Андагы бош орундар

Борбор калаада коронавирус жуктурган бейтаптарды учурда Жугуштуу оорулардын республикалык клиникалык ооруканасы кабыл алып жатканы айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Ордо калаада коронавирус менен ооругандарды үч гана оорукана кабыл алып жатканын Республикалык штаб кабарлады.
Билдирмеге караганда, 2-октябрь саат 10:00гө карата үч ооруканада 277 бош орун бар.
Өткөн суткада Кыргызстанда 72 адамдан коронавирус табылып, 80 адам айыкты. Кечээтен бери өлкөдө өлүм учурлары катталган жок.