Радио

Токтомаметов: мектептерде STEM багытындагы предметтерге көңүл буруу зарыл

Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо боюнча республикалык институттун директору Алмазбек Токтомаметов мектептерде STEM багытындагы предметтердин санын көбөйтүүгө көңүл буруу зарылдыгын айтты.
Sputnik
Билим берүү системасында табигый так илимдер багытына басым жасалса, өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө өбөлгө болот. Мындай пикирин Алмазбек Токтомаметов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, дүйнөдө STEM багытындагы адистер абдан ири долбоорлорду ишке ашырып, чоң кирешелерди таап жатат.
"Биз башталгыч класстын мугалимдеринин деңгээлин жогорулатпай туруп, жогорку класстагылардыкын көтөрө албайбыз. Педагогдордун кесиптик чеберчилиги жакшы болсо, баланын көндүмдөрүн өркүндөтө алат. Андыктан учурда ушул маселеге басым жасалууда. Мындан тышкары, Кыргызстанда гуманитардык, табигый так илимдер жана IT технологияларын окутуу муктаждыгы бар. Өзгөчө мектептерде STEM багытындагы предметтерге көңүл буруу зарыл. Табигый так илимдер багытына басым жасалса, өлкөнүн экономикасынын өсүшүнө өбөлгө болот. Дүйнөдө STEM тармагындагы адистер орточо айлыгы башка кесиптеги адистерге салыштырмалуу эки-үч эсе көп. Биз көбүнчө гуманитардык багытка из салып алдык", — деди Токтомаметов.
Ошондой эле адис мугалимдердин квалификациясын жогорулатууда IT технологиялары да сөзсүз каралышы керектигин кошумчалады.
Белгилей кетсек, STEM (Science, Technology, Engineering, Mathematics) — бири-бири менен тыгыз байланышкан бир катар тармактарды (илим, технология, инженерия, математика, физика, химия, астрономия жана башкалар) бириктирет.