Ноябрда Кыргызстанга индиялык ишкерлер келет. Алар кайсы тармакка кызыгат

Кечээ Мумбайда Doing business in Kyrgyzstan аталышында бизнес-форум өтүп, бизнес-делегациянын сапарын уюштуруу макулдашылган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Ноябрь айында Кыргызстанга Мумбай шаарынан бизнес-делегация келери пландалууда. Бул тууралуу Индиянын Кыргызстандагы элчилиги билдирди.
Sputnik Кыргызстандын долбоорлору Дубайдагы Expo-2020 жарманкесинде көрсөтүлүүдө
Элчилик аталган сапар текстиль өнөр жайы, баалуу кендерди казуу, электр энергиянын альтернативалык түрлөрүн колдонуу, баалуу таштардын жана алтындын экспорт/импорту тармагында кызматташтыкты жолго салуу үчүн керектигин белгиледи.