Өлкөнүн көпчүлүк аймактарында кар жаады. Соцтармактагы сүрөттөр

Кыргызгидромет буга чейин шашылыш билдирүү таратып, өлкөдө 1-4-октябрда аба ырайы бузулуп, тоолуу райондорго кар түшөрүн эскерткен.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Узаган түндө Кыргызстандын көпчүлүк аймактарында кар жаады. Анын сүрөттөрүн социалдык тармактарда бөлүшүп жатышат.
Белгилей кетсек, Кыргызгидромет шашылыш билдирүү таратып, өлкөдө 1-4-октябрда аба ырайы бузулуп, мезгил-мезгили менен жамгыр жаап, тоо этектериндеги жаан карга айланып, ал эми тоолуу райондорго кар түшөрүн эскерткен.
Улар Эшбото аттуу Facebook тармагынын колдонуучусу Аламүдүн районунун Таш-Дөбө айылында жерди агарта жаап койгон кардын сүрөтүн жүктөдү. Ал кардын мынчалык көп жаашын күтпөгөнүн жазган.
Жылдызбек Керимбаев аттуу интернет колдонуучу Байтик айылына дагы кар түшкөнүн билдирди.
Алмас Турдумамбетов аттуу жаран дагы ушул эле айылдан тартылган видеону жүктөгөн.
Дагы бир интернет колдонуучу Ильдар Биккенин кардын сүрөтүн жарыялап, бирок кайсы жерде тартылганын белгилеген эмес.