COVID: өткөн суткада 72 киши ооруду, өлүм учуру катталган жок

Азыркы тапта ооруканада 441, ал эми амбулатордук шартта 764 бейтап дарыланып жатканы маалым болду.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Бир сутка ичинде өлкөдө 72 кишиден коронавирус табылып, 80 адам айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.
Жуктургандар:
Оору илештиргендердин жалпы саны 178 680ге жетти. Анын ичинен 173 385 дартты жеңген. Бир сутка ичинде өлкөдө өлүм учурлары катталган жок. Негизинен пандемия башталгандан бери 2 607 бейтап коронавирустун курмандыгы болгон.
Азыркы тапта стационарда 441, ал эми амбулатордук шартта 764 адам дарыланып жатканы айтылды.