Радио

Касымбек уулу: фермерлерге эки миллиард сомго жеңилдетилген насыя берилди

"Айыл банк" ААКтын насыялоо бөлүмүнүн башчысы Кубанычбек Касымбек уулу "Айыл банкы" 2021-жылга карата эки миллиард сомго жеңилдетилген насыя бергенин айтты.
Sputnik
Насыялоо өкмөттүн "Айыл чарбасын каржылоо 9" программасынын алкагында болуп, 3000ден ашык фермердин долбоорлорун ишке ашыруу максатында каржыланды. Мындай маалыматты Кубанычбек Касымбек уулу Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде билдирди.
Анын айтымында, долбоорлорду каржылоо кайра иштетүү, мал чарбачылыгына жана дыйканчылыкка жумшалды.
"Айыл чарбасын каржылоо 9" долбоору 2021-жыл үчүн жыйынтыкталууда. Быйылкы жылга өкмөт тарабынан 2 миллиард 300 миллион сом бөлүнүп, фермерлердин долбоорун колдоо максатында милдеттендирилген. Учурда 2 миллиард сомду дыйкан, фермерлерге таратып бердик. Дагы 300 миллион сомдон азыраак суммадагы каражатты бир айдын ичинде таратып бүтөбүз. 2 миллиард сомду 3000ден ашык дыйкан, фермерлерге долбоорлорун ишке ашыруусу үчүн бөлүштүрдүк. Кайра иштетүүгө 535 миллион сом бөлүндү, талаачылык иштерине 456 миллион сом берилсе, дагы 100 миллион сомдун тегерегиндеги суммага ишкерлер каржыланат. Мындан тышкары, мал чарбачылыгына 1,1 миллион сомду ушул жылдын ичинде алышты", — деди Касымбек уулу.
Ошондой эле адис "Айыл чарбасын каржылоо 9" долбоорунун алкагында 2,3 миллиард сомдун көп көлөмү Чүй, Ош жана Жалал-Абад облустарындагы фермерлерге берилгенин кошумчалады.