Дүйнө чемпионаты: кыргыз балбандарынан биринчи болуп бүгүн Жолдошбеков күрөшөт

Кыргызстандык балбан 61 килограмм салмак категориясы боюнча монголиялык Тухинтулга Туменбилег менен күрөшөт.
Sputnik
БИШКЕК, 2-окт. — Sputnik. Норвегиянын Осло шаарында күрөш боюнча Дүйнө чемпионаты бүгүн эркин күрөш менен башталат.
Күрөш боюнча дүйнө чемпионаты башталды. Кыргызстандан 15 балбан катышат
Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 14:30да башталат.
Ал эми эртең Алибек Осмонов (65 килограмм) франциялык, Арсалан Будажапов (79 килограмм) россиялык балбан менен өз күчүн сынайт.
4-октябрда Токио Олимпиадасынын катышуучусу Эрназар Акматалиев (70 килограмм) Шри-Ланкадан келген балбан менен күрөшөт.